Кытай Кыргызстанга авто унаа экспорттоону көбөйттү

2024-жылы Кытай унааларды, анын ичинде Кыргызстанга экспорттоону көбөйттү. Бул тууралуу Кытай Эл Республикасынын Башкы бажы башкармалыгынын маалыматтарын талдоо көрсөттү.

2024-жылдын ичинде Кытай Кыргызстанга 85 428 жеңил унаа (электромобилдерди кошпогондо) экспорттогон. Жалпы жеткирүүлөрдүн суммасы 1,9 миллиард долларды түздү.

Салыштыруу үчүн, 2023-жылы Кытай Кыргызстанга 53 536 жеңил унаа жеткирип, бул сумма 1,7 миллиард долларды түзгөн.

Маалыматка ылайык, 2024-жылдын жыйынтыгында Кытай колдонуудан чыккан унааларды экспорттоону 45% көбөйтүп, чет өлкөлөргө 400 миңге жакын унаа жөнөткөн.

Башкы беттеги сүрөт: "РБК Приморье".

14:48, 23-01-2025

Комментарийлер

Башка жаңылыктар