Айрым адистиктерге сырттан окутууга убактылуу тыюу салуу каралып жатат

Министрлер кабинетинин башчысы Адылбек Касымалиев мамлекеттик башкаруу системасын бюрократиядан арылтуу боюнча комиссиянын экинчи жыйынын өткөрдү.

Анын алкагында билим берүү, илим жана социалдык багыттагы кызматтарды жөнөкөйлөтүү маселелери талкууланган.

Жыйында жасалган сунуштардын негизгилери:

илим жана аккредитация боюнча бирдиктүү департамент түзүү;

коррупциялык тобокелчиликтерди азайтуу максатында юриспруденция, экономика, менеджмент жана эл аралык мамилелер сыяктуу бир катар адистиктерге сырттан окутууга убактылуу тыюу салуу;

дистанттык билим берүүгө өтүү менен мугалимдердин отчет берүү жүктөмүн 75 пайызга кыскартуу;

PhD даражасын таануу жөнөкөйлөтүлөт: дүйнөдө алдыңкы 100гө кирген ЖОЖдон алынган диплом илимдин доктору, ал эми 200 мыкты университеттен алынган диплом кандидаттык даражага тете болот;

бюрократияны азайтуудан үнөмдөлгөн каражат кызматкерлерге сый акы үчүн ошол органда калтырылат.

Жыйында социалдык маселелерди талкуулооонун алкагында I топтогу майыптарды 10 жылда, калгандарын эки жана беш жылда бир медициналык кароодон өткөрүү сунушталды.

 

13:07, 16-04-2025

Комментарийлер

Башка жаңылыктар