Нооруз майрамын белгилөө маалында айрым көчөлөр убактылуу жабылат
Бишкекте Нооруз майрамын белгилөө маалында айрым көчөлөр убактылуу жабылат. Бул тууралуу ЖККББ билдирди.
Маалым болгондой, 19-20-21-мартта төмөнкү көчөлөрдө автоунаалар үчүн чектөө киргизилет:
Чүй проспектисинин Панфилов көчөсүнөн Эркиндик бульварына чейинки бөлүгү;
Раззаков көчөсүнүн Абдымомунов көчөсүнөн Чүй проспектисине чейинки бөлүгү;
Орозбеков көчөсүнүн Абдымомунов көчөсүнөн Чүй проспектисине чейинки бөлүгү.
Жол инспекциясы түшүнүү менен кабыл алып, маршрутту алдын ала пландоону суранат.