Ак-Бууру дарыясына агып кеткен беш жаштагы бала изделүүдө

Ак-Бууру дарыясынын жээгинде ойноп жаткан беш жаштагы бала агып кеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Мекемеден билдиришкендей, издөө иштерине шаардык куткаруу кызматынан төрт кызматкер тартылган. Бирок кеч кирип кеткенинен улам издөө иштери убактылуу токтотулган.

Издөө-куткаруу иштери бүгүн дагы уланат.

09:53, 11-11-2024

Комментарийлер

Башка жаңылыктар