Жумгал районунда жол кырсыгы катталып, үч киши каза болду
Нарын облусунун Жумгал районунда жол кырсыгы катталып, үч киши каза болду. Маалыматты Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан такташты.
Анда оор жүк ташуучу унаа менен Honda CR-V сүзүшүп, айланып кеткен оор жүк ташуучу машинанын арткы жагы алдында бараткан Audi унаасын оодара койгон.
Кырсыктын видеосун жергиликтүү тургун Болот Ибрагимовго жөнөтүп, соңку маалда Жумгал менен Кочкордо жол кырсыгы көбөйүп кеткенин жазган.
"Айыл ичине тиешелүү жол белгилерин коюп бербесе болбой калды, жергиликтүү бийликке кайрылсак альтернативдүү жолдорго койгонго болбойт деп коюшту", — деген видеонун автору.