Кеминде чет элдик жарандарды тоноого шектелгендер кармалды
20-январда Чүй облусунун ИИБнин басма сөз кызматы чет элдик жарандарды тоноого шектелгендер кармалганын билдирди.
2024-жылдын 28-декабрында Кемин шаарындагы ооруканага Кытай жарандары катуу токмоктолгон абалда жеткирилген. Дарыгерлер бул тууралуу милицияга кабарлашкан.
Тергөө версиясы боюнча, ошол күнү саат 12:00дөр чамасында нефть базасында иштеген эки чет элдик жумушчу Советтер көчөсүндө жайгашкан “Эл үчүн” дүкөнүнө азык-түлүк сатып алууга барган. Дүкөндөн чыккан соң, жумушка кайтып бара жатып, жергиликтүү эки тургунга жолуккан. Алар кытайлык жарандарга кол салышып, телефонун тартып алышкан. Андан кийин автоунаа менен из жашырышкан.
Бул факт Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренеси (“Тоноо”) боюнча каттоого алынган.
Милиция кызматкерлери буга чейин бир нече жолу соттолгон 1992-жылы туулган А.К. жана 1994-жылы туулган М.С. аттуу шектүүлөрдү кармашып, убактылуу кармоочу жайга камашты.
Учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.