Министрлик эмделбеген балдар мектепке кабыл алынбай турганын эскертти

Эмделбеген балдар мектепке кабыл алынбайт. Бул тууралуу билим берүү жана илим министринин орун басары Лира Самыкбаева түз эфирде билдирди.

Анын айтымында, мектепке кабыл алуу санариптештирилип, баланы каттоо автоматтык түрдө (ата-эненин макулдугу керек) жүргүзүлүүдө. Бирок бала эмдөөлөрдү алганы жана медициналык кароодон өткөнү боюнча маалым кат кагаз түрүндө талап кылынат. Самыкбаева бул маалым каттарды 15-августтан кийин мектепке алып баруу керектигин белгиледи.

"Эмдөөдөн өтпөгөн балдар мектепке кабыл алынбайт. Бул тиешелүү токтом менен бекитилген. Келечекте бул медициналык маалым каттарды автоматтык түрдө алуу боюнча иш жүрүүдө", — деди Самыкбаева.

Ошондой эле ал электрондук күбөлүк менен мектепке каттоо дагы бириктирилип, окуучунун жеке маалыматтары дагы дароо толтуруларын кошумчалады.

10:36, 03-04-2025

Комментарийлер

Башка жаңылыктар