Бул жылы Сауд Арабияга ажылык сапарга баруу үчүн виза керектелет
Бул жылы Сауд Арабияга ажылык сапарга баруу үчүн виза керектелет. Бул тууралуу Мусулмандар дин башкармалыгы билдирди.
Башкармалыктын маалыматына ылайык, 2025-жылдын 29-апрелинен 10-июнуна чейин Мекке шаарына ажылык визасы жок кирүүгө жана анда калууга тыюу салынат. Мындай маалыматты Сауд Арабиянын Тышкы иштер министрлиги жарыялаган.
“Сауд Арабияга сапар тарткан жарандарга Саудиянын мыйзамдарын сактоого чакыруу менен бирге Сауд Арабиянын жаңы талабына ылайык, ажылык амалын ажылык визасыз аткаруу мүмкүн эмес экендигин эскертебиз”,- деп айтылат маалыматта.