Cадыр Жапаров таксилердин ишин лизенциялоо боюнча мыйзамга кол койду

Cадыр Жапаров таксилердин ишин лизенциялоо боюнча мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.

Документти Жогорку Кеңеш 22-январда кабыл алган. Ал президент кол койгондон алты ай өткөн соң күчүнө кирет. Мындай чара жол коопсуздугун камсыз кылуу үчүн керектиги белгиленди.

Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев такси кызматына колдонулган оң рулдуу унааларды сатып жиберүүнү сунуштаган. Анткени аларга таксинин лицензиясы берилбейт.

17:26, 20-02-2025

Комментарийлер

Башка жаңылыктар