Кытай Ак-Суу — Балыкчы темир жолун Бедел ашуусу аркылуу курууну сунуштады

Кытай тарап Ак-Суу — Балыкчы темир жолун Бедел ашуусу аркылуу курууну сунуштады.

Мындай демилгени КЭРдеги Ак-Суу округунун губернатору Адили Али Бишкекте министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев менен жолукканда көтөрдү.

Тараптар өткөн жылдын сентябрь айында ачылган Бедел көзөмөл-өткөрүү жайынын инфраструктурасын өнүктүрүү маселесин талкуулашкан.

"Бедел" — Кыргызстан менен Кытайдын чек арасындагы үчүнчү өткөрүү пункту болуп калды.

Буга чейин Садыр Жапаров Барскоон — Үчтурпан — Ак-Суу автомобиль жолу куруларын айткан.

15:24, 14-03-2025

Комментарийлер

Башка жаңылыктар