Алматыда ЕАЭБдин өкмөттөр аралык кеңешинин жыйыны өтүүдө

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин тар курамдагы жыйынына катышты.

Отурум Алматыда өттү. Анын алдында делегация башчыларын тосуп алуу жана биргелешип сүрөткө түшүү аземи болуп өттү.

Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин кеңири курамдагы жыйыны эртең, 31-январда, болот.

Белгилей кетсек, ЕӨАК жыйынынын күн тартибине 12 маселе киргизилген. Анын ичинде бажылык жөнгө салуу, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу, биримдиктин интеграцияланган маалыматтык системасын өнүктүрүү, электрондук соода жана ЕАЭБде негизги товарларга товардык рыноктордун индикаторлорунун өздүк биржа системасын түзүү маселелери талкууланат.

Төрагалык кылып жаткан Беларустун премьер-министри беш өлкөнүн ИДПсы туруктуу өсүп жатканын белгиледи. Негизги көрсөткүч жылдын акырына карата төрт пайыз болушу күтүлүүдө. Бул дүйнөлүк дагы, Евробиримдиктин дагы ИДПсынан жогору.

11:06, 31-01-2025

Комментарийлер

Башка жаңылыктар