Бишкектин мэриясы 112 унаа аукциондон сатыларын кабарлады
Бишкектин мэриясы 112 унаа аукциондон сатыларын кабарлады.
Шаар бийлиги билдиргендей, сатыкка бир нече үлгүдөгү унаа, прицеп коюлган. Алардын баары азыр иштебейт.
Унаа сатып алууну каалагандар 14-февралга чейин мэриянын Муниципалдык мүлктү башкаруу департаментине кайрылышы керек.
Аукциондун өзү 18-февралда саат 14:00до “Бишкек шаары, Чокморов көчөсү 246”дареги боюнча өтөт.
Сурап билүү үчүн телефон: 0(312) 35-33-89, 97 91 95(4225)