Кыргызстанда бир жумада 152 мас айдоочу кармалды
Кыргызстанда бир жумада 152 мас айдоочу кармалды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 14нөн 20-октябрга чейин өлкөдө 18 миң 366 жол эреже бузуу аныкталып, 1 миң 835 унаа айып короого коюлган.
Жол эреже бузуулар:
Тийиштүү документтери жок унаа айдагандар – 466;
Мас абалында унаа башкаргандар – 152;
Унаанын айнектерин мыйзамсыз караңгылатуу – 64;
Жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар – 322;
Транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу – 2 миң 930;
Автоээнбаштык – 18;
Ылдамдыкты ашырып айдагандар – 3 856;
Жалган мамлекттик номер менен унаа башкаруу – 5;
Башка жол эрежелерин бузуулар – 10 миң 553.