Орусияда президенттик шайлоо башталды
Бүгүн, 15-мартта Орусияда президенттик шайлоого добуш берүүнүн биринчи күнү башталды. Шайлоо 17-мартта аяктайт.
Президенттик кызматка төрт талапкер ат салышууда. Учурдагы мамлекет башчысы Владимир Путин өзүн өзү көрсөткөн. Андан тышкары Николай Харитоновду Коммунисттер партиясы, Леонид Слуцкийди Либерал-демократтар партиясы, Владислав Даванковду “Жаңы калк” партиясы алып чыккан.
Шайлоого 113 млн 600 миң бюллетень даярдалган. Ошондой эле онлайн шайласа да боло турган шарт түзүлгөн.