Бишкекте 25-январдан баштап "акылдуу светофорлор" иштей баштайт
25-январдан тартып Бишкекте автоматташтырылган светофорлор системасы пилоттук режимде иштей баштайт
Бул тууралуу 21-январда Жогорку Кеңештин транспорт боюнча комитетинин жыйынында Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев билдирди.
"Бул заманбап технологиялар — жасалма интеллект. Биз бул долбоорго 128 млн сом карадык, учурда 21 кесилиште иштер жүрүп жатат", — деди ал.
Анын айтымында, эгер система Бишкекте толук ишке кирсе, жол тыгындарын жөнгө салууга мүмкүнчүлүк болот. Светофордун күйүү убактысы унаалардын санына жараша болот.
"Кээ бир жерлерде жолду кеңейтүүнүн же башка татаал чечимдерди кабыл алуунун кажети жок. Биз ал жерлердеги маселени белгилерди коюу менен чечсек болот, мисалы, оңго бурулууга уруксат берүү. Ошондой эле диагоналдык жөө адамдар өтүүчү жолдорду жана белгилерди киргизип жатабыз — бул дагы жолдордун жүгүн жеңилдетүүгө жардам берет", — деп кошумчалады ал.