Камчыбек Ташиев 6 балалуу муктаж үй-бүлөгө 3 бөлмөлүү батирдин ачкычын тапшырды

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев 15-январда жардам сурап кайрылган Нурзат Нуржанованы кабыл алды.

УКМКнын басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, кайрылуу 23-декабрда түшкөн. 34 жаштагы Нурзат Нуржанова 3 жаштан 13 жашка чейинки алты баланын энеси экенин жана оор турмуштук кырдаалга туш болгонун билдирген. Анын өзүнүн турак жайы жок, балдарын тийиштүү деңгээлде камсыз кылууга мүмкүнчүлүгү жок (жылуу кийим жетишпейт).

Ал Талас облусунун Кара-Буура районундагы Бейшеке айылынын тургуну. Туруктуу жумуш орду жок. Мурун тигүүчү болуп иштеген, бирок жаракат алып, операциядан кийин кыймылдашы кыйын болуп калган.

Анын күйөөсү, 1990-жылы туулган Мурзабеков А.К., Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Үч-Малай айылынын тургуну. Мурда такси кызматында иштеген, учурда туруктуу киреше булагы жок, тамак-аш жеткирүү менен алектенет. Ал ден соолугуна байланыштуу оор физикалык жумуштарды аткара албайт.

УКМКнын төрагасы муктаж болгон үй-бүлөгө 3 бөлмөлүү батирдин ачкычын тапшырды

12:25, 15-01-2025

Комментарийлер

Башка жаңылыктар