Жол тыгын, туура эмес график: Депутаттар Бишкекте мектеп графигин кайра калыбына келтирүүнү талап кылууда

Жогорку Кеңеш Минкабды мурдагы окуу графигин кайтарууга чакырышты

 Эл өкүлү Дастан Бекешев 11-сентябрдагы жыйында Бишкектеги студенттердин жаңы окуу графигине каршы пикирин билдирди. Бул пикирди спикер Нурланбек Шакиев да колдоду. 

 Бул график жолдогу унаа тыгынын пайда кылгандыктан, эл өкүлдөрү Бишкек мэриясы менен Минкабды мурдагы окуу графигин кайтарууга чакырышты. Билим берүү министрлигинен жаңы окуу графигине алар да каршы болгонун  «Кактус Медиа» басылмасына билдиришкен.

 Буга чейин Бишкектеги жогорку окуу жайлардын жана колледждердин студенттери жаңы окуу графигине каршы петиция жарыялашкан. Алар жол тыгындарына студенттер себеп эмес экенин, экинчи мөөнөттө окуган студенттер жумуш менен окууну айкалыштыра албай калганын билдирип петиция жарыялашкан. 

Үстүбүздөгү жылдын июль айында Минкабдын төрагасы Акылбек Жапаров Бишкектеги мектептерде сабактарды 8ден эрте, ЖОЖ менен колледждерде 10дон кийин баштоо тууралуу токтомго кол койгон.

14:19, 11-09-2024

Комментарийлер

Башка жаңылыктар