Казакстан: Өспүрүмдүн өлүмүнөн кийин жергиликтүү жетекчилер иштен алынды
Алматы облусунун Талгар районунда акимдин аппарат жетекчиси Аслан Касымбаев кызматынан алынды. Маалымат каражаттары аны 16 жаштагы өспүрүмдү өлтүрүүгө тиешеси бар "Хуторские" уюшкан кылмыштуу топтун ана башынын бир тууганы деп аташууда. Казакстандын Ички иштер министрлиги андай топ катталбаганын айтууда.
Мындан тышкары райондун акими, анын эки орун басарына сөгүш жарыяланды. Талгар шаарынын акими жана орун басары иштен алынды.
Бул чара Шерзат Болат аттуу өспүрүмдүн өлүмү менен аяктаган мушташтан 10 күн өткөндөн кийин көрүлүп отурат.
Шейшембиде күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү кылмышка шектүү деп 10 киши аныкталганын билдирип, бирок ысымдарын атаган жок. Маалыматка караганда, киши өлтүрүүгө бир банка сыра үчүн мушташ алып келген эмес. Ошол эле маалда тартип коргоочулар кармалгандар кандай версияны айтып жатканын ачыктаган жок.