УКМК Ош шаарынын мэринин демилгесин колдобой тургандыгын билдирди

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаевдин башка аймактардын айдоочуларына Ош шаарына кирүү үчүн акы төлөтүү демилгесин колдобой тургандыгын билдирди.

“УКМК жетекчилиги түштүк борборго кирүү үчүн төлөм киргизилген учурда коомчулукта терс реакция болот, башкача айтканда, бардык чыгымдар карапайым жарандардын мойнуна түшөт, айрыкча аз камсыз болгон үй-бүлөлөр үчүн оор болот деп эсептейт. Товарларды шаарга жеткирүү кымбаттайт, бизнес бул чыгымдарды керектөөчүлөргө которуусу мүмкүн, калктын анча бай эмес катмары сапардан баш тартууга же сапарга бюджеттин олуттуу бөлүгүн коротууга аргасыз болот. Бул кабыл алынбайт”,- деп айтылат маалыматта.

Атайын кызмат ошондой эле мамлекеттик кызмат адамдарын ушул сыяктуу идеялар жана билдирүүлөр менен чыкпоого чакырган.

Эске салсак, Оштун мэри Жеңишбек Токторбаев күн сайын шаарга башка аймактардан 56 миңге жакын унаа кирип чыгарын, алар жол тыгындарын жаратып, кырсыктарды жана абанын булганышын күчөтүп жатканын билдирген. Мэр бул автоунаалардан акы алынса жылына 3 млрд сомго жакын каражат жергиликтүү бюджетке түшөрүн, бул каражатты Ош шаарын өнүктүрүүгө жумшоого боло тургандыгын айткан.

19:09, 09-04-2025

Комментарийлер

Башка жаңылыктар