Сокулук районунда жер мафиясын уюштурган делип беш адам кармалды
Чүй облусунун Сокулук районунда жер мафиясын уюштурган делип беш адам кармалганын УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, колго түшүрүлгөндөр Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматынын (мурдагы "Кадастр" ишканасы) жооптуу кызматкерлери жана "гектарчылар".
Ж.Н.К., 1972-жылы Ош облусунун Кара-Кулжа районунда туулган. "Гектарчылардын" бири, жер мафиясын жана коррупциялык схеманын уюштуруучусу, Чүй облусунун аймагында аффилиацияланган жактарга таризделген 300 гектардан ашык жерге ээлик кылат;
Ж.М.Ж., 1975- жылы Нарын облусунун Ак-Талаа районунда туулган. "Гектарчылардын" бири, Ж.Н.К. аттуу адамдын аффилиацияланган кишиси;
Д.М.Э., 1981-жылы Чүй облусунун Сокулук районунда туулган. Жер ресурстары кызматынын (мурдагы "Кадастр" ишканасы) Сокулук филиалындагы жооптуу кызматкери;
А.Б.С., 1972-жылы Чүй облусунун Сокулук районунда туулган, Жер ресурстары кызматынын Сокулук филиалындагы жооптуу кызматкери;
О.А.К., 1965-жылы Чүй облусунун Аламүдүн районунда туулган, Жер ресурстары кызматынын Сокулук филиалындагы бөлүмдүн мурдагы башчысы.
Кармалгандар УКМКнын убактылуу жайына киргизилген.
"Тергөөнүн жүрүшүндө бир катар кызмат адамдары Чүй облусунун Сокулук районундагы ВОССТ-2 участогунда жайгашкан 15 гектар жерди Ж.Н.К. аттуу "гектарчынын" адамдарына мыйзамсыз каттоого катыштыгы бар экени аныкталган. Бул 15 гектар жер жеке турак жай курулушу үчүн 300 участокко 4 сотыхтан бөлүнгөн. Алардын ар бири орто эсеп менен 8 миң доллар турат. Мындан тышкары, жер мафиясын башкарган Ж.Н.К. Чүй облусунун аймагында аффилиацияланган жактар аркылуу 300 гектардан ашык жерге ээлик кылат. Бул 300 гектардын 100 гектары Сокулук районунун Военно-Антоновка айыл аймагында, 300 гектары шаардын четиндеги Рухий Мурас конушунда жайгашкан. Анын орточо баасы 81 миллион долларга, тагыраагы, 7 миллиард 249 миллион 500 миң сомго бааланган", — деп айтылат маалыматта.
Жер мафиясын уюштургандар мамлекеттик жана жеке менчиктен жер тилкелерин мыйзамсыз алып, кийин аларды сатуу үчүн коррупциялык схема уюштурганы аныкталганы айтылды.
"Жер ресурстары кызматынын Сокулук филиалындагы жооптуу кызматкерлери, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, ошондой эле