1-октябрда Бишкектин бир бөлүгүндө таза суу өчүрүлөт

Келерки аптада, 1-октябрда Бишкектин бир бөлүгүндө таза суу өчүрүлөт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Суу Күрөңкеев — Абдрахманов – Элебесов — Бельская көчөлөрү — Ала-Арча дарыясы, Жибек Жолу проспектиси — Жаш Гвардия бульвары – Чоң Чүй каналы — Саадаев көчөлөрү менен чектелген аймакта өчүрүлөт. Ошондой эле Красный строитель, Ак-Тилек, Көлмө, Алтын Бешик жана Салам Алик конуштарында суу болбойт.

Таза суу эртең мененки саат 09:00дон түнкү саат 02:00го чейин жок болот. Суунун өчүрүлүшү Северный суу кампасындагы жана шаардагы куурларды оңдоо иштери менен байланыштуу.

Бишкексууканал ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана тургундарды сууну алдын ала камдап алууну өтүнөт.

10:05, 27-09-2024

Комментарийлер

Башка жаңылыктар