Боксчу Анваржан Хожиев Болгариядагы мелдеште алтын утту

Кыргызстандык боксчу Анваржан Хожиев Болгариядагы Странджа Кубогу-2024эл аралык мелдешинде алтын байге утту. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Анваржан Хожиев 48 кг салмакта күч сынашкан. Чейрек финалдагы биринчи беттешинде украиналык Денис Биленкону, андан соң жарым финалда грузиялык Сахил Аллахвердиевду жеңген.

Ал эми финалда индиялык мушкер Шаголшем Барун Сингхдини жеңип, алтын медаль тагынган.

09:40, 12-02-2024

Комментарийлер

Башка жаңылыктар