Ысык-Көлдө жер титиреди

Бүгүн, 24-мартта саат 12:17де Ысык-Көл облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Титирөө облустун Ак-Суу районунун Жыргалаң айылында 2,5 баллга чейин сезилген.

ӨКМ жер титирөөдөн жабыркагандар жок экендигин жана кыйроолор катталбагандыгын билдирди.

14:55, 24-03-2025

Комментарийлер

Башка жаңылыктар