Кыргызстандын футбол курамасы жолдоштук беттеште Өзбекстанга 1:4 эсебинде жеңилди
Кыргызстандын футбол курамасы жолдоштук беттеште Өзбекстанга 1:4 эсебинде жеңилди. Бул тууралуу Кыргызстандын футбол бирикмесинен билдиришти.
Оюн 25-декабрда Дубайдагы "Аль-Наср" стадионунда Азия кубогуна даярдык көрүү иретинде өткөрүлгөн. Кыргызстандын эсебиндеги жалгыз голду Бактияр Дүйшөбеков киргизген.
Эки кураманын алдын ала макулдашуусу боюнча беттеш жабык өткөрүлгөн.
Алдыда, 30-декабрда Кыргызстандын курамасы Бириккен Араб Эмираттарынын командасы менен оюн өткөрөт.