17-сентябрда Кыргыз-кытай чек арасы 1 күнгө жабылат

17-сентябрда кыргыз-кытай чек арасындагы "Торугарт-унаа жолу" жана "Эркечтам - унаа жолу" көзөмөл-өткөрүү пункттары убактылуу жабылат.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынан билдиришкендей, чек ара посттору Кытайда "Күз ортосу майрамын" майрамдоого байланыштуу кытай тараптын деилгеси менен жабылууда.

Белгиленгендей, көзөмөл-өткөрүү пункттарынан адамдарды жана жүктөрдү өткөрүү 18-сентябрда жанданат.

10:33, 17-09-2024

Комментарийлер

Башка жаңылыктар