Депутат: Уят, запастагы подполковник гимназиянын имаратында жашайт (Видео)
Запастагы подполковник Эркинбек Жумабеков гимназиянын имаратында жашайт.Бул тууралуу 21-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Сейдбек Атамбаев билдирди.
Анын айтымында, аскер кызматкери Коргоо министрлигинин жетекчилигине канча кайрылганы менен майнап чыкпай келүүдө, аны эч ким кабыл албайт.
“Мен жана менин кесиптештеримдин колдоосу менен анын кайрылуусу министрлер кабинетине жөнөтүлдү”, — деди Атамбаев.
Коргоо министринин биринчи орун басары Эрлис Тердикбаев маалыматты тактап, эске аларын билдирди.