Жапаров жаштар мугалим болуп келиши үчүн Эмгек кодексин өзгөртүүнү сунуштады
Президент Садыр Жапаров пенсия курагындагы мугалимдердин ордуна жаш адистердин келишине шарт түзүү үчүн Эмгек кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштады.
Мамлекет башчынын Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун тургундары менен жолугушуусунда жергиликтүү тургундардын бири пенсияга чыккан мугалимдер жаш адистерге орун бошотпой жатканын айтып даттанган.
Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева Эмгек кодекси мындай педагогдорду жашына байланыштуу жумуштан бошотууга жол бербей турганын түшүндүрдү. Анын айтымында, айрым учурларда иштен алынгандар сот аркылуу кайра кызматына келип алышат.
“Эгерде жаш мугалимдер жумуш күтүп жатса, маселени мыйзам чегинде чечүү керек. Анда Эмгек кодексин өзгөртөлү. Бул маселени Жогорку Кеңеш менен биргеликте иштеп чыккыла”, — деди Жапаров.