Түрмө жетекчисинин орун басары азык-түлүк уурдоого шектелип кармалды

Молдовановкадагы №27 түзөтүү мекемесинин жетекчисинин финансы жана чарба иштери боюнча орун басары азык-түлүк уурдоого шектелип кармалды. Бул тууралуу Жаза аткаруу кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кылмышка шектелген ички кызматтын капитаны Mercedes Benz Sprinter үлгүсүндөгү кызматтык жана KIA жеке унаасы менен 340 литр өсүмдүк майын, 40 килограмм картошка алып чыгууга аракет кылган.

"Чогултулган материалдар прокуратурага өткөрүлүп, тергөө жүрүп жатат", — деп айтылат маалыматта.

15:16, 18-08-2025

Комментарийлер

Башка жаңылыктар