«Ала-Арчадагы» чокуга «ШКУнун чокусу» аталышы берилди

 

«Ала-Арчадагы» чокуга «ШКУнун чокусу» аталышы берилдиСадыр Жапаров Чүй облусунун Аламүдүн районунун «Ала-Арча» мамлекеттик жаратылыш паркында жайгашкан бийиктиги 4050 метр болгон аты жок чокуга «Шанхай кызматташтык уюмунун чокусу» аталышын ыйгаруу жөнүндө жарлыкка кол койду. Бул тууралуу Президенттик администрациянын басма сөз кызматы билдирди.

Ага ылайык, ШКУнун түзүлгөндүгүнүн 25 жылдыгына жана 2026-жылы Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешин Кыргыз Республикасында өткөрүүгө байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесин жетекчиликке алынып токтом кылынат: 

– Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Аламүдүн районунун «Ала-Арча» мамлекеттик жаратылыш паркында жайгашкан бийиктиги 4050 метр аты жок тоо чокусуна «Шанхай кызматташтык уюмунун чокусу» географиялык аталышын ыйгаруу маселесин белгиленген тартипте карасын; – үч айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын мыйзамынын тиешелүү долбоорун иштеп чыксын жана КР Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизсин.

Арча медиа
11:49, 02-09-2026

Комментарийлер

Башка жаңылыктар