Министр: Дарыгерлерге кол көтөргөндөр жазасын алышы керек
Күн мурун социалдык тармактарда Улуттук госпиталда дарыгерлерге белгисиз жарандын кол көтөргөн учуру тартылган видео тараган. Бул окуя коомчулукта кызуу талкууланууда. Ал арада саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев Фейсбуктагы баракчасы аркылуу дарыгерлерге карата мыйзамсыздык болуп жатканын, кол салган адам жазасын алышы керектигин билдирди. Ошондой эле министр мындай көрүнүштөр башкаларга жаман үлгү экенин, дарыгерлерди сабагандар жазасыз калып жатканын айтты.
“Эгерде биз ар-намысты жана абийирди коргобосок, эң негизгиси медицина кызматкерлеринин коопсуздугун камсыз кылбасак, анда медиктерди жоготобуз. Мен ички иштер министрине, УКМКнын төрагасына кайрылам. Дарыгерге кол салган күнөөлүү адамды мыйзам чегинде жоопко тартуу зарыл. Биз бейтапты коштоп жүргөндөргө саламаттык сактоо мекемелеринин медициналык бөлүмдөрүнө кирүүгө тыюу салабыз. Алар бейтапты алып келишти, дарыгерлерге өткөрүп беришти, көчөдө отуруп жыйынтыкты күтүшөт. Оорукананын ичине киришпейт”, - деди министр.