Туристтерге орой мамиле кылгандарга президенттик администрациядан эскертүү берилди

Сезон кызуу жүрүп жаткан учурда туристтерден "эптеп эле акчасын алып калалы" деген көз караштан алыс болсоңуздар. Мындай чакырыкты президенттин маалымат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Ал жарандарга, айрыкча Чолпон-Ата жана Бостеридеги туризм менен алектенгендерге кайрылган.

"Президенттин тапшырмасы менен көл жээгиндеги тосмолор алынып, элге ачык эс алуу шарттары түзүлгөн. Бирок тилекке каршы, айрым пляждарда жээкти ээлеп, кол чатыр коюп алып, туристтерди мажбурлап ижара акы төлөтүп жаткан уятсыздар пайда болууда. Кол чатырдын кызматын каалабагандарга тоскоолдук жаратып, орой мамиле кылгандар да бар экен. Мындай көрүнүштөр Ысык-Көлдүн аброюна шек келтирип, туристтерди иренжитет. Жергиликтүү бийлик мындай аракеттерге эскертүү берди, эми мындан ары чара көрүлөрүн эскертебиз", — деди Орунбеков.

Ал туристтерди сый, тазалык жана меймандостук менен коноктордун кийин да келишине шарт түзүү зарылдыгын белгилеген.

 

12:08, 25-07-2025

Комментарийлер

Башка жаңылыктар