“Регион” телеканалынын жетекчилиги алмашты
“Регион” телеканалынын жетекчилиги алмашты
Улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы башчысы Камчыбек Ташиевге тиешелүү "Регион" телеканалынын жетекчиси алмашты. Бул тууралуу Азаттык жазды.
Маалым болгондой, "Регион" телеканалы ушул жылдын 30-апрелинде кайра каттоодон өткөнүн Юстиция министрлигинин атайын базасында көрсөтүлгөн.
Аталган мекеменин сайтындагы маалыматка караганда, расмий "АРТВ" деп аталган жоопкерчилиги чектелген коом адеп 2019-жылдын 18-апрелинде каттоодон өткөн. Анда расмий дареги катары Жалал-Абад шаары көрсөтүлгөн болсо, азыр Бишкек шаары болуп өзгөргөн.
Каналдын мурдагы директору Өткүрбек Рахмановдун ордуна, Замирбек Аманбаев жетекчи экени жазылган. Ал эми Өткүрбек Рахманов директордун орун басары болуп калган. Аталган коомдун кожоюну катары Жыргалбек Токторовдун ысымы көрсөтүлгөн. Мурдагы документтер боюнча бул ишканага Эрали Маматов кожоюн катары белгиленген.
Белгилүү болгондой, “Регион” телеканалы буга чейин Камчыбек Ташиевди ачык колдоп келген.