Садыр Жапаров: 7-8 жылда өзүбүздөн Месси, Роналдолор чыгат
7-8 жылда өзүбүздөн Месси, Роналдолор чыгат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Кара-Суудагы "Манас" футбол стадионун ачып жатып билдирди.
Ал футбол калыстарына кайрылып, бул спортко көптөгөн шарттар түзүлүп жатканын белгиледи. Анын айтымында, негизги максат — кыргыз футболун дүйнөлүк деңгээлге чыгаруу.
"Жасалып жаткан иштердин, стадиондор менен залдарды куруунун максаты – кыргыз футболун өнүктүрүү. Ошондо 7-8 жыл ичинде жыйынтык болот. Азыр өсүп келе жаткан балдардан да Мессилер, Роналдолор чыгат. Алардан эмнебиз кем? Болгону машыгуу керек. Ал эми мамлекет шарт түзүп берет", — деди Жапаров.
Футбол стадиону заман талабына ылайык толук кайра курулган. Сыйымдуулугу 5000 адамга жеткирилип, оюн талаасына табигый көк майсаң төшөлүп, трибуналар жаңырды. Объектинин реконструкциясына 274,5 миллион сом жумшалган.