УКМК жетекчисинин мурдагы орун басары Даниел Рысалиев кармалды

 

 

УКМК жетекчисинин мурдагы орун басары Даниел Рысалиев кармалды

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин мурдагы жетекчисинин орун басары Даниел Рысалиев кармалды.

Бул тууралуу Kaktus.media жазды. Маалыматка караганда, Рысалиев кечээ Ички иштер министрлигинин Башкы тергөө башкармалыгы тарабынан суракка чакырылып, андан кийин кармалган.

Ташиевдин тушунда ал Киберкоопсуздук боюнча координациялык борбордун директору болуп иштеп, 10-февралда кызматтан алынган.Кечээ аны менен кошо дагы эки чалгын кызматкери да кармалган.

11:20, 13-04-2026

Комментарийлер

Башка жаңылыктар