Илон Масктын байлыгы тарыхта биринчи жолу 500 млрд долларга жетти.
Илон Масктын байлыгы тарыхта биринчи жолу 500 млрд долларга жетти.
Forbes маалымдагандай, Tesla жана SpaceX негиздөөчүсү Илон Масктын байлыгы тарыхта биринчи жолу 500 млрд долларга жетти. Бул көрсөткүч 1-октябрда катталды.
Жаңылыктын фонунда Tesla акциялары дээрлик 4% кымбаттап, Масктын капиталына дагы 9,3 млрд доллар кошулду.
Маск алгач 2021-жылы дүйнөдөгү эң бай адам наамын алып, Amazon негиздөөчүсү Жефф Безосту артта калтырган. Ошондон бери ал бир нече жолу лидерликти жоготуп, кайра кайтарып келген.
2024-жылы 400 млрд долларга жетип рекорд койгон Маск эми тарыхта биринчи «жарым триллионер» аталды. Эксперттердин баамында, эгер динамика сакталса, ал 2033-жылы алгачкы триллионер болушу мүмкүн (Forbes).