Евразиялык Сактык Банкы балдарга жаңы окуу жылына даярданууга жардам берди
Евразиялык Сактык Банкы «Майыптардын иштери боюнча коомдук комитет» коомдук бирикмесинин кайрылуусуна жооп кылып, балдарга жаңы окуу жылына даярданууга жардам берди.
Банктын кызматкерлери балдарга мектеп сумкаларын, кеңсе товарларын жана башка керектүү окуу куралдарын тапшырышты.
Турмуштук оор кырдаалга туш болгон балдарга жана үй-бүлөлөргө колдоо көрсөтүү — бизнестин социалдык жоопкерчилигинин маанилүү бөлүгү. Банк мектепке керектүү буюмдар балдарга жаңы окуу жылын ишенимдүү баштоого жардам берет деп ишенет.
Евразиялык Сактык Банкы социалдык колдоонун маанилүүлүгүн түшүнөт жана мындан ары да кайрымдуулук долбоорлоруна катышууну улантат.
