Айыл чарба министрлиги кармалган кызматкерлери боюнча үн катты
Cуу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги кызматкерлердин кармалышы боюнча комментарий берди.
Ага ылайык, учурда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан кармалгандар боюнча тергөө иштери жүрүп жатат.
"Азырынча тергөөнүн кызыкчылыгын эске алуу менен жагдайларды ачыктоо мүмкүн эмес. Бирок, ошол эле учурда Айыл чарба министрлигинин кызматкерлери аларга ыйгарылган мыйзамдуу укукттук милдеттерин так жана кынтыксыз аткарууга дайым аракеттерин көрүп келет жана мындан ары да андай аракеттер көрүлө бермекчи.
Жагдай боюнча бардыгы тергөөнүн жыйынтыгы менен белгилүү болот жана министрлик ал жыйынтыктар менен сөзсүз түрдө өз убагында коомчулукту кабардар кылып турмакчы", - деп айтылат маалыматта.