Эмдиги жылы бийик тоолуу аймактардагы балдарга жөлөк пул бериле баштайт
2026-жылдын 1-январынан баштап бийик тоолуу, жетүүгө кыйын аймактардын тургундарынын балдарына ай сайын жөлөк пул берилет. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.
Жөлөк пул өзгөчө статусу бар айрым чек ара аймагындагыларга да берилет. Тагыраагы, мындай жерде жашаган үй-бүлөнүн үчүнчү жана андан кийин төрөлгөн баласына 3 жашка чыкканга чейин ай сайын жөлөк пул төлөнөт. Анын өлчөмүн 3000 сом деп белгилөө сунушталууда.
"Жөлөк пул үй-бүлөнүн социалдык-экономикалык абалына карабастан жана райондук коэффициентти эске албастан дайындалат. Каражат алуунун негизги шарты — үй-бүлө бийик тоолуу жана жетүүгө кыйын райондордо жашашы керек", — деп айтылат маалыматта.
Эмгек министрлиги бул мыйзамды ишке ашыруу үчүн ченемдик-укуктук актынын долбоорун даярдаган. Ал президенттин администрациясына кароого жөнөтүлдү.