ТИМ: Кыргыз жарандарын АКШдагы митингтерден алыс болууга чакырды

ТИМ: Кыргыз жарандарын АКШдагы митингдерден алыс болууга чакырды

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШда жүргөн жарандарды коопсуздукту сактоого жана митингдерден алыс болууга чакырды. Бул тууралуу 11-июнда маалымат таратты.

АКШда мыйзамсыз мигранттарга каршы чараларга байланыштуу Лос-Анжелесте нааразылык акциялары уланууда. Шаарга улуттук гвардия жана жөө аскерлер киргизилди, коменданттык саат жарыяланды.

Зарыл учурда жарандар Кыргызстандын АКШдагы элчилигине кайрыла алат.

11:13, 12-06-2025

Комментарийлер

Башка жаңылыктар