Байсалов Жапаров менен Ташиевдин ортосундагы ажырымдын себебин ачыктады

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевдин ортосундагы ажырымдын себебин ачыктап, пикири менен соцтармактан бөлүштү.

Өкмөт мүчөсүнүн айтымында, соңку маалда "эски саясий жүздөр" элдик генералдын атын жамынып, өздөрүн тарых жаратуучу сезип алган. Алардын тымызын аракетинен улам өлкөдө каршылашкан, опурталдуу абал түзүлгөн.

"Дал ушул чагымчылар көп жылдан бери кармалып турган тең салмактуулукту бузуп, бүтүндөй коомчулукка жик сала турган кооптуулукту шарттады", — деди Байсалов.

Ал соңку маалда эл арасында бийлик экиге бөлүнгөнү, учурдагы бийликтин мыйзамсыздыгы жана мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүү тууралуу кептер айтыла баштаганын белгиледи.

"Ушундай кадамдар Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевдин ортосуна ажырым салды", — деди Байсалов.

Эскерте кетсек, кечээ Камчыбек Ташиев министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — УКМКнын төрагасы кызматынан бошотулган.

15:01, 11-02-2026

Комментарийлер

Башка жаңылыктар