Депутат Сурабалдиева мыйзамсыздыкка кабылганын айтып кайрылгандар көбөйгөнүн билдирди
Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиева өлкөдөгү соңку саясий окуялардан кийин анын дарегине мурда мыйзамсыздыкка кабылганын айтып кайрылгандар көбөйгөнүн билдирди. Бул тууралуу ал парламенттин 26-февралдагы отурумунда айтты.
"Шайлоодо коркутуу болуп, четтетип коюшту дейт. "Оокатымды мыйзамсыз тартып алып, бул мамлекетке дешти, бирок иш жүзүндө андай эмес экен" дейт. Коркутуп-үркүтүү көп болду дейт, кайсы жактан маселе болуп жатканын сиздер түшүнүп жатасыздар да. Акыркысы 1 миллиард сомго байланыштуу камалган Токмок шаарынын мурдагы мэринин апасы кайрылып жатат. Ал "Жүрүп жаткан иш-чарага бизди жолотушпайт, эмне болуп жатканы жөнүндө ачык маалымат жок" дейт", - деди Сурабалдиева.
Башкы прокурордун орун басары Үмүткан Коңкубаева бул иш боюнча тергөө жүрүп жатканы үчүн ачык маалымат берилбей турганын, депутаттын өзүнө кат түрүндө билдирерин тактады.
Депутат анын дарегине кайрылгандардын иши кайра каралып-каралбасына кызыкты.
Коңкубаева мыйзамсыздыкка кабылдым деген жарандар Башкы прокуратурага кайрылса арыздары сөзсүз каралып, чара көрүлөрүн билдирди.