Укук коргоо органдары базарларда мектеп китептеринин сатылышын иликтейт
Укук коргоо органдары базарларда мектеп китептеринин сатылышын иликтейт
Укук коргоо органдары окуучуларга акысыз таратуу үчүн каралган мектеп окуу китептеринин базарларда сатылышы боюнча иликтөө иштерин баштады. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы 16-сентябрда билдирди.
Иликтөө иштерин жүргүзүү тапшырмасын Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев өлкөдөгү базарларда окуу материалдары сатылып жатканы тууралуу маалыматтардан кийин берген.
Ички иштер министрлигине, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине жана Билим берүү министрлигине окуучуларга акысыз таратылууга тийиш болгон окуу китептеринин кандайча сатыкка чыгып калганын аныктоо тапшырылды.
Ошондой эле бул мекемелер окуу китептеринин базарга чыгуу булактарын жана жагдайларын аныктап, басылып чыккан, өткөрүлүп берилген жана таратылган китептердин иш жүзүндөгү санын расмий буйруктар жана документтер менен салыштырып текшерүүгө тийиш.
Иликтөөнүн жыйынтыгынын негизинде мыйзамга ылайык тиешелүү чаралар көрүлөт.