Буту сынган. ӨКМдин кызматкерлери Алайда тоодон кулап кеткен өспүрүмдү куткарышты
Ош облусунун Алай районунда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери тоодон кулап кеткен өспүрүмдү куткарып калышты.
Ведомстводон билдиришкендей, 26-апрелде чакыруу түшүп, окуя болгон жерде 17 жаштагы бала тоодон кулап, бутун сындырып алганы, андан сырткары башынан жаракат алганы белгилүү болгон.
Жабырлануучуну тоодон түшүрүүгө ӨКМдин Алай райондук бөлүмүнөн 3 куткаруучу жардам көрсөтүп, тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен.