Кыргызстанда накталай эмес төлөмдөр системасы өнүгүү жолунда (видео)
Сиз акчаңызды ишенген компания жөнүндө 5 факты
1. Ал “Банктар аралык Процессинг Борбору” Жабык Акционердик Коому. Кыргыз Республикасында нак эмес төлөмдөр системасын колдонууга киргизүү жана аларды натыйжалуу ишке ашыруу үчүн инфраструктураны түзүү максатында Кыргызстандын Улуттук банкынын жана өлкөдөгү 11 коммерциялык банктын биргелешкен күч аракетинин аркасында 2004-жылы түзүлгөн.
МИССИЯСЫ
Ар бир адам үчүн ыңгайлуу жана ишенимдүү төлөмдөр.
МАКСАТЫ
Кыргыз Республикасынын аймагында көрсөтүлүүчү кызматтардын коопсуздугуна жана сапатына карата бардык улуттук жана эл аралык талаптарга жооп берген бирдиктүү төлөм системасы.
МИЛДЕТ
Кардарларга накталай эмес төлөмдөрдү жүргүзүү боюнча ыңгайлуу жана ишенимдүү кызматтарды көрсөтүү;
Көрсөтүлүүчү кызматтардын туруктуулугун жана коопсуздугун камсыз кылуу;
Кызматкерлердин профессионалдык деңгээлин колдоо жана сапаттуу тейлөө жана кардарларды квалификациялуу тейлөө үчүн жагымдуу эмгек шарттарын түзүү;
Кардардын/өнөктөштүн керектөөлөрүн максималдуу канааттандыруу.