ITB Berlin 2024 дүйнөлүк ири туристтик көргөзмөдө Кыргыз Республикасынын павильону ачылды

Кыргыз Республикасынан Кыргыз Республикасынын Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду, КАТО (Кыргыз туроператорлор ассоциациясы), 16 туроператор жана төрт дестинация катышып жатат, алар: Талас, Каракол, Ысык-Көлдүн түштүк жээги жана Нарын дестинациялары.
 
 Улуттук павильондун ачылыш аземине Кыргыз Республикасынын Германиядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Өмүрбек Текебаев, Кыргыз Республикасындагы Туризмди өнүктүрүү фондунун вице-президенти Максат Усубалиев, Туризм департаментинин директору Нурмухамед Минбаев, КАТОнун президенти Салтанат Мидин кызы жана GIZтин өкүлү Бурул Султанова катышышты.

11:43, 06-03-2024

Комментарийлер

Башка жаңылыктар