«Кыргызча оңой”. Кыргыз тилин жеңил үйрөнүүчү мобилдик колдонмо чыкты
21-сентябрда Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия тарабынан «Кыргызча оңой” / “Easy Kyrgyz” кыргыз тилин жеңил үйрөнүүчү мобилдик колдонмосунун А1 деңгээлинин таанытымы болду.
Иш-чараны Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев ачып, заман талабына жараша, үйрөнүүгө жеңил болгон программа тууралуу эки тилде эркин токтолду.
«Кыргызча оңой”/“Easy Kyrgyz” мобилдик колдонмо долбоорунун жетекчиси Данияр Карабаев келген конокторго колдонмону кантип көчүрүп катталуу жолдорун түшүндүрүп, интерактивдүү оюндарды (колдонмо аркылуу) өткөрдү.
Жыйынтыгында жеңүүчүлөргө “Шоро” улуттук компаниясынын суусундуктары жана белектери тапшырылды.
Колдонмону төмөндөгү шилтемелер аркылуу көчүрүп, кыргыз тилин орус тили аркылуу же англис тили аркылуу жеңил үйрөнүү шарты каралган.
Андроид телефондор үчүн:
https://play.google.com/store/apps/details?id=kg.easy
АйОс (айфон) телефондор үчүн:
https://apps.apple.com/kg/app/easy-kyrgyz/id6648783361