Бир жылда кутурманын 36 очогу аныкталган
Кыргызстанда малдын жугуштуу ылаңынын 86 очогу катталды. Бул тууралуу маалымат жыйынында ветеринардык кызматтын директорунун орун басары Бакыт Шарапов билдирди.
Бир жылда кутурманын 36 очогу аныкталган. Бакыт Шарапов бул ылаңга боюнча аймактарда абал оор бойдон калып жатканын айтты.
“Бул вирусту жапайы жырткычтар алып жүрүүчү болуп саналат. Алар айылдарга келип, жаныбарларга жана адамдарга кол салып, жугузуп кетет. Кутурма оорусу боюнча республиканын бир катар аймактарында абал жакшы эмес. Кутурма оорусуна каршы 2023-жылы 228,1 ит эмдөөдөн өткөн, 20 миң 334 жолбун ит атылган”, — деди ал.
2023-жылдын сибирь жарасынын эки жаңы очогу Нарын жана Кара-Суу аймагында катталган, жалпысынан 566 очогу бар.