Саясий партияларды каржысы боюнча отчет берүүгө милдеттендирүү сунушталды
Экономика жана коммерция министрлиги саясий партияларды, кесиптик бирликтерди, кооперативдерди жана диний уюмдарды кирешеси жана чыгашасы тууралуу жыл сайын маалымат берип турууга милдеттендирүү сунушун берди.
“Саясий партиялар жөнүндө”, “Кесиптик бирликтер жөнүндө”, “Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндө” жана “Кооперативдер жөнүндө” мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу документ коомдук талкууга чыгарылды.
Мыйзам долбооруна ылайык, сөз болуп жаткан уюмдар жыл сайын 1-апрелге чейин ыйгарым укуктуу салык органынын сайтына өткөн жылы кайсы булактан канча каражат алды, ал эмнеге чыгымдалды жана сатып алган мүлкү тууралуу отчет тапшырышы керек. Ошондой эле колдонуудан чыккан мүлкү боюнча да маалымат жайгаштырат. Бул уюмдардын каржыга байланышкан иши коммерциялык сыр деп эсептелбейт.