Ысык-Көлдө үрөй учурган жол кырсыгы катталып, үч адам каза тапты

Ысык-Көлдө үрөй учурган жол кырсыгы катталып, үч адам мерт болгонун ЖКККББнын маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге караганда, каргаша 27-мартта саат 12:50лөр чамасында Балыкчы — Ананьево — Каракол жолундагы Чырпыкты айылынын тушунда болгон.

"Анда Санэпидемборбордун кызматтык унаасы менен Daimler-Chrysler D312 үлгүсүндөгү автокөлүк кагышып, үч адамдын өмүрү кыйылган. Анын бири айдоочу, экөө бир автоунаадагы жүргүнчүлөр болгон", — деп айтылат маалыматта.

Кырсыктан жабыркагандар да бар экени айтылды. Азыркы учурда автоунаалар айып короого токтотулуп, тийиштүү тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат. ЖКККББ айдоочуларды жолдо этият болуп, эрежени сактоого чакырды.

12:56, 28-03-2024

Комментарийлер

Башка жаңылыктар