Ошто 18 жаштагы жоокер кокусунан чыккан октон көз жумду

Ошто 18 жаштагы жоокер кокусунан чыккан октон көз жумду. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан кабарлады.

Билдирмеге караганда, окуя 6-декабрда болгон.

Чек ара кызматынын алдын ала маалыматы боюнча, ыкчам кызматтын аскери Э.Р. АК-74 автоматынан кокусунан ок чыгарган. Медициналык жардам көрсөтүлгөнү менен алган жараатынан жоокер каза болгон.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатканы кошумчаланды.

09:46, 07-12-2023

Комментарийлер

Башка жаңылыктар